Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кенешинин XXVIII -чакырылышыны
2024-жылдын 24-июну № 25
Мыйзам бузууларды жойуу жана ишмердүүлүктү убактылуу токтотуу жөнүндө
Арашан айылынын тургундарынын оозеки кайрылуусуна, келип түшкөн саркынды сууларды тазалоочу жайды көрүү жана Арашан айыл өкмөтүнүн карамагындагы ижарага алынган жерлерге мыйзамсыз курулуш куруу фактысын аныктоо актыларына байланыштуу, ошондой эле «Эрк Эгембердиев» ЖЧКсынын башкы директору тарабынан берилген түшүнүк каттын негизинде:
ТОКТОМ кылат:
1. Татыр тилкесиндеги Кара-Булак участогундагы «Кара Булак» Эко-Резорт эс алуучу жайында саркынды сууларды тазалоочу жайы иштен чыгуу жана мыйзамсыз куруу фактылары боюнча Арашан айыл өкмөтү тез арада тиешелүү кызматтарга кабарлансын;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бузуулардын бирдиктүү реестрин катталсын жана айып салынсын;
3. Тиешелүү кызматтар менен бирдикте аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү үчүн чечимдер кабыл алынсын;
4. «Эрк Эгембердиев» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу токтотулсун;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Арашан айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А. Кулжаевге тапшырам.
Төрага |
| Курманбаев А.Б |