Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кенешинин XXVIII -чакырылышы
2024-жылдын 16 июлу № 27
2025-жылга түзүлгөн Бюджеттик долбоор жөнүндө
ФЭО а/о башчысынын «2025-жылга түзүлгөн Арашан айылдык кеңешинин бюджеттик долбоору жана 2026-2027-жылдарга болжолдоо» жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 16.05.2016-жылдагы Бюджеттик Кодексинини 59.1-беренесине ылайык
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1 2025-жылга жергиликтүү бюджеттик долбоор түзүү жана 2026-2027-жылдарга болжолдоо Календарлык планын бекитүү (тиркелет).
2. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттик долбоор түзүү жана 2026-2027-жылдарга болжолдоо жумушу ФЭО а/о башчысынын милдетин аткаруучу А.К.Рахмановага тапшырылсын.
3. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттик долбоор түзүү жана 2026-2027-жылдарга болжолдоо боюнча Арашан айылдык кеңеши тарабынан бекитилген календарлык план айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын жана дубал-такталарга илинсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча депутаттык комиссияга жана ФЭО а/о башчысынын милдетин аткаруучу А.К.Рахмановага тапшырылсын.
Төрага |
| Курманбаев А.Б |