Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 13-марты № 111
Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссия жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссия 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Бул Жарлыктын колдонулушу "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жөнгө салуу чөйрөсүнө кирбеген Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү учурларына жайылтылат деп белгиленсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелерди тескеген орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти.