Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-мартындагы N 111 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) иш тартибин аныктайт.
Комиссия Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында түзүлгөн коллегиялык координациялоочу орган болуп саналат.
Комиссия өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү менен иш алып барат.
2. Эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин/сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча жүргүзүлөт.
2. Комиссиянын милдеттери жана функциялары
3. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин координациялоо;
- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү формалары, көлөмдөрү жана багыттары боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу;
- көрсөтүлүүчү эл аралык жана гуманитардык жардамдын даректүүлүгүн жана максаттуу мүнөзүн камсыз кылуу.
4. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларды жана сунуштарды карайт;
- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна киргизет;
- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнүн формалары, көлөмдөрү, булактары жана тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президенти чечим кабыл алгандан кийин эл аралык жана гуманитардык жардамды даярдоодо, түзүүдө жана жөнөтүүдө мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялайт;
- чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
3. Комиссиянын түзүмү
5. Комиссия Комиссиянын төрагасынан, төраганын орун басарынан, катчыдан жана мүчөлөрдөн турат. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишин жетектейт;
- Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын чечимдерине кол коет жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет.
Комиссиянын төрагасынын орун басары:
- Төрага жок учурда анын милдеттерин аткарат;
- Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды даярдоону уюштурат.
Комиссиянын катчысы:
- Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык коштоону камсыз кылат;
- Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жана Комиссиянын чечимдерин тариздейт.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Комиссиянын жыйналыштарына катышат;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
- Комиссиянын жыйналыштарында каралуучу маселелер боюнча добуш берет.
6. Комиссиянын жыйналыштары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
7. Комиссиянын иш регламенти Комиссия тарабынан бекитилет.
4. Финансылык камсыз кылуу
8. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Комиссиянын ыйгарым укуктары
9. Комиссия өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин кайрылууларын, сунуштарын жана демилгелерин кароого;
2) чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга жана агенттиктерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна киргизүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
- эл аралык жана гуманитардык жардамдын формалары, көлөмдөрү жана багыттары жөнүндө;
- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо булактары жөнүндө;
- эл аралык жана гуманитардык жардамды даярдоодо жана ишке ашырууда мамлекеттик органдарды тартуу жөнүндө;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдерин даярдоодо жана ишке ашырууда мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоого;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
6) зарыл болгон учурда жумушчу топторду түзүүгө жана сунуштарды жана корутундуларды даярдоо үчүн эксперттерди, адистерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык жардам көрсөтүү боюнча чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана аларды ишке ашыруунун жыйынтыктарын кароого;
8) өзүнүн координациялоо компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталган каражаттарды жана материалдык ресурстарды пайдалануу жөнүндө отчетторун кароого.