Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын
VI кезектеги сессиясы
2024 жылдын 24-июлу № 28
Жер тилкесин ижарага бөлүп берүү жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши 2024-жылдын 23-июлунда болуп өктөн жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды катоо боюнча Мамлекеттик агентигинин Таш-Дөбө бөлүмүнөн 2024-жылдын 5-майында келип түшкөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды катоо боюнча Мамлекеттик агентигинин Таш-Дөбө бөлүмүнүнө, Таш-Дөбө айылынын Больничный көчөсү 41 муниципалдык имараты ижарага берилсин, келишим 5 жылдык мөөнөткө түзсүн.
2. Ижара акысы Арашан айыл өкмөтүнүн тарифине ылайык белгиленсин.
3. Таш-Дөбө айылынын Больничный көчөсү 41 муниципалдык имараттын артындагы жанаша жаткан жер тилкеси берилген арызга ылайык, унаа текшерүү үчүн пайдалансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |