Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын
VI кезектеги сессиясы
2024 жылдын 24 июлу № 31
2024-жылдын 23-июлунда өткөн жыйында, Арашан айыл өкмөтүнүн жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Арашан айыл аймагына тийешелүү Чон-Арык айылында жайгашкан БСРдин (суу сактагыч) максатын өзгөрдүү боюнча “Айыл чарба, жер жана сугат суу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Арашан айылдык кеңешинин депутаты Султанов Максаттын сунушун карап чыгып жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл аймагына тийешелүү Чон-Арык айылынын Шералиева менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 2,10 га жер тилкесин түзгөн БСРдин (суу сактагыч) максаты өзгөрүлүп күнөсканага (теплица) которулуусуна макулдук берилсин;
2. Арашан айыл аймагына тийешелүү Чон-Арык айылынын жайгашкан, аянты 2,10 га жер тилкесин түзгөн, БСРдин (суу сактагыч) максатын өзгөртүү боюнча Аламүдүн райондук Мамлекеттик Администрациясына өтүнмө берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |