Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 23-майы № 181
Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар
менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын
жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын
жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
Мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, инсандын эркин жана татыктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу саналат. Бул милдеттерди ийгиликтүү чечүү көп жагынан аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен иштөөсү канчалык натыйжалуу деңгээлде уюштурулгандыгынан көз каранды.
Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык деңгээлдеринде жарандар менен иштөөнүн натыйжалуулугун, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатууга, анын ичинде жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун ар кандай маселелери боюнча келип түшкөн демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бюрократиядан арылтуу жалпыга бирдей, жапырт мүнөзгө ээ болууга, калктын жашоосунун бардык аспекттерине жетүүгө, бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камтууга тийиш.
Мында мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн жетишилген деңгээлин эске алуу менен, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу аркылуу аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын, юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү түзүү үчүн санариптик платформалардын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңири масштабда өнүктүрүү керек.
Жарандар менен иштөөнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгын жогорулатуу, ошондой эле аларды андан ары бюрократиядан арылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Калк менен практикалык иштөөнүн абалы аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоонун негизги критерийлеринин бири болуп саналат деп белгиленсин. Жарандардын нормалдуу жашоо-тиричилигин камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Калктын бардык көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары биринчи кезекте жеринде чечилүүгө тийиш.
2. Калк менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде реалдуу убакыт режиминде иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
1) түз телефон линияларын, көчмө жеке кабыл алууларды өткөрүү, калк үчүн актуалдуу маселелер боюнча коомдук кабылдамаларды, басма сөз-конференцияларды уюштуруу практикасын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн, анын ичинде алдынкы жаштардын коомдук бирикмелерин тартуу менен киргизсин. Мында жарандар тарабынан көтөрүлгөн, олуттуу кошумча каржылоону жана атайын кошумча текшерүүнү талап кылбаган жана тиешелүү кызмат адамынын компетенциясына кирген маселелер кечиктирилбестен чечилүүгө тийиш;
2) жарандардын жашоо-тиричилигинин кыйла көйгөйлүү маселелери боюнча кайрылууларды түзүлгөн кырдаалды изилдөө, талдоо жана аларды ыкчам чечүү максатында жерине баруу менен карасын, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүдө жарандардын пикирин эске алсын;
3) калк менен жүргүзүлүп жаткан иштерди жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири жарыялоо жана чагылдыруу боюнча чараларды көрсүн;
4) түз көрсөтүүлөрдү жүргүзүү, калктын абдан маанилүү маселелери боюнча видеосюжеттерди жайгаштыруу үчүн интернет-сервистерди колдонууну камсыз кылсын;
5) тиешелүү аймакты социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча калк менен маалыматтык-агартуу иштерин, анын ичинде эмгек жамааттарында жолугушууларды, диалогдук аянтчаларды туруктуу негизде өткөрсүн, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн активдүү тартсын;
6) жаңылыктарды жана башка актуалдуу маалыматтык контентти жайгаштыруу менен популярдуу социалдык тармактарда расмий аккаунттарды жүргүзүүнү камсыз кылсын;
7) аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан маалымдама-консультациялык мүнөздөгү маселелер боюнча кайрылууларды кабыл алуу боюнча шыр байланыштын талаптагыдай иштешин камсыз кылсын;
8) жарандардын аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда кабыл алууну узак убакыт күтүүсүнө, анын ичинде жарандарды аралыктан тейлөөнүн санариптик технологияларын, ошондой эле келип түшкөн кайрылуулардын санын жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен зарыл болгон учурда кезектүүлүктү санариптик башкаруу системасын киргизүү аркылуу жол бербесин;
9) жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактасын, аларды колдонууда өзүм билемдик менен чечмелөөгө жол бербесин;
10) аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын кызматкерлеринин жарандарга, юридикалык жактардын өкүлдөрүнө карата кылдат, жоопкерчиликтүү жана сылык мамиле кылуусун камсыз кылууга, кызматтык этиканын талаптарын сактоосуна өзгөчө көңүл бурсун. Формалдуулуктун, адамдарга карата калыс эмес, одоно жүрүм-турумдун, орой жана урмат-сыйсыз мамиленин ар бир учуру боюнча текшерүү жүргүзсүн жана тиешелүү фактылар ырасталган учурда күнөөлүүлөрдү ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана алардын орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары график боюнча төмөнкүлөрдү өткөрсүн:
1) жума сайын 09.00дөн 12.00гө чейин же 16.00дөн 20.00гө чейин жеке кабыл алууну;
2) ар бир айдын акыркы ишембисинде 09.00дөн 12.00гө чейин түз телефон линияларын;
3) айына бир жолудан кем эмес көчмө жеке кабыл алууларды.
Жарандардын кайрылууларынын санын жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен зарыл болгон учурда жеке кабыл алуу ишемби жана (же) жекшемби күндөрү өткөрүлүшү мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
1) жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-ресурстардын, диалогдук аянтчалардын, басма сөз-конференциялардын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануу менен региондордо аныкталган көйгөйлүү маселелерди чечүүдө калк менен натыйжалуу өз ара аракеттенсин;
2) мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен жарандарды кабыл алуу жерлерин талаптагыдай уюштуруу, маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу жана кезек күтүү убактысын кыскартуу боюнча чараларды көрсүн;
3) аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө жарандарга болушунча толук маалымдоону, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет тармагы жана социалдык жарнамаларды жайгаштыруу аркылуу камсыз кылсын;
4) тиешелүү аймакта турак жай-коммуналдык чарба, саламаттык сактоо, соода уюмдарынын, билим берүү мекемелеринин, транспорттук жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу башка уюмдардын талаптагыдай иштешин артыкчылыктуу тартипте камсыз кылсын. Көрсөтүлгөн уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын телефондору, интернет-сайттарына шилтемелери аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жайгаштырылууга тийиш;
5) калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу кызматтарды көрсөтүүнү, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүнү адамдардын суроо-талаптарына ылайык, ошондой эле электрондук формада кызмат көрсөтүүлөргө кайрылуу жана мындай кайрылууну жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн уюштурсун;
6) квартал сайын калкка кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын, анын ичинде келип түшкөн даттануулардын санын эске алуу менен талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча чараларды көрсүн, мындай кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга киргизсин;
7) аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген чечимдерди кабыл алууну жана маселелерди макулдашууну жогору турган деңгээлге өткөрүп берүү фактыларын жокко чыгарсын.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун облустардагы жана райондордогу аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча же болбосо алдын ала пландалган тема боюнча ар ишембиде 09.00дөн 12.00гө чейин жеке кабыл алууларды жана түз телефон линияларын өткөрсүн.
Кайрылуулардын олуттуу саны менен шартталган зарыл учурларда жеке кабыл алуу жана түз телефон линиялары тез-тез жана кыйла узак убакыт өткөрүлүүгө тийиш.
6. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу жөнүндө маалыматты камтыган кайрылууларды кароодо жол берилген бузууларды четтетүү үчүн мыйзам менен берилген ыйгарым укуктарды колдонуу, маселелер толук чечилгенге чейин контролдо кармоо;
2) калктын жашоо-тиричилигинин актуалдуу көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө, ошондой эле калкты тейлөө боюнча мамлекеттик социалдык стандарттар системасын ишке ашырууга катышууга багытталган толук чараларды көрүү;
3) аймактык коомдук өз алдынча башкарууга, ошондой эле жарандык демилгелерди ишке ашырууга катышуу аркылуу калктын өз аймактарын өнүктүрүүгө кызыгуусуна дем берүү;
4) калк менен кайтарым байланыш каналын түзүүгө, анын ичинде жарандарды кызыктырган маселелерди коомдук талкуулоо, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик жана коомдук иштерге жарандардын катышуусунун башка формалары аркылуу көмөктөшүү.
7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) укуктук агартуу, Кыргыз Республикасынын жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары, административдик жол-жоболор жана аны колдонуу практикасы жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү бөлүгүндө аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен иштөөсүн координациялоону жана методикалык коштоону камсыз кылсын;
2) карама-каршы, актуалдуу эмес маалыматтарды четтетүү, калкка маалымдоодогу боштуктарды толуктоо максатында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аларга баш ийген уюмдардын жана ишканалардын расмий сайттарында камтылган укуктук маалыматтарды актуалдаштырууну координацияласын.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары:
1) мамлекеттик органдар, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматтарды көрсөтүүдө оптималдаштыруу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча чараларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана координациялоону камсыз кылсын;
2) жарандардын көрсөтүүлүүчү кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө канааттануу деңгээлин онлайн-баалоонун негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн автоматташтырылган өтмө контролдоо системасын киргизсин;
3) мамлекеттик органдар, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын административдик регламенттерине жана стандарттарына бири бирин кайталаган жол-жоболорду, кагаз түрүндөгү документтерди берүүгө карата ашыкча талаптарды жоюуга, ошондой эле бардык категориядагы жарандар, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун башынан эле жеткиликтүү, инклюзивдүү жана түшүнүктүү чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуучу универсалдуу дизайн принциптерин киргизүү аркылуу майыптыгы бар адамдардын конституциялык укуктарын милдеттүү түрдө сакталышын камсыз кылууга карата үзгүлтүксүз аудит жүргүзсүн;
4) жыл сайын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугунун рейтингин кошо алганда, жыйынды аналитикалык отчетту берсин.
9. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары туруктуу негизде:
1) аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин бюрократиядан арылтуу, калк менен иштөөнү өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды, жарандардан келип түшкөн маселелерди чечүүнүн оң мисалдарын, аныкталган резонанстуу көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырсын;
2) мамлекеттин жарандар алдындагы жана жарандардын мамлекет алдындагы өз ара жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдардын талаптарын калкка түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу ишин жүргүзсүн;
3) эки жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана башка мамлекеттик органдарга аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан калк менен иштөөдө мыйзамдардын талаптарынын аткарылбагандыгы жөнүндө тиешелүү басма жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган, теле жана радио программаларында же болбосо тармактык басылмаларда жайгаштырылган материалдар жөнүндө кабарласын.
Мында мамлекеттик органдардын жетекчилери мындай материалдарды кароого жана жол берилген бузууларды жана аларды пайда кылган себептерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле негиздер болгон учурда буга күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартууга милдеттүү.
10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы укук коргоо органдарынын ишине сынды камтыган жарандардын кайрылууларына, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында жайгаштырылган кайрылууларга туруктуу негизде мониторинг жүргүзсүн. Бузуулар аныкталган учурда мыйзамдуулукту калыбына келтирүүнү жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну камсыз кылсын.
11. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |