Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-майы № 352
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
– 1-пунктта «улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөр «улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункт «улуттук» деген сөздөн кийин «, убактылуу улуттук» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3-пункттун биринчи абзацында «улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөр «улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 11-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– айдоочулук курамды даярдаган окутуу уюмдары тарабынан берилүүчү бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча курстарды аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк, ал эми убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү алууга квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн – минималдуу окуу мезгилинен (4 айдан кем эмес) өткөндүгүн ырастоочу маалымкат, ал кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө таризделиши мүмкүн жана ушул Эрежелердин 325-пунктуна ылайык убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк алынган күндөн тартып күчүн жоготконго чейин колдонулат;»;
– 3-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3. Улуттук жана убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартиби»;
төмөнкүдөй мазмундагы 321–325-пункттар менен толукталсын:
«321. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча окуу уюмунда курстун жалпы узактыгына карабастан узактыгы төрт айдан кем эмес окуудан өткөн, ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге анын арызы боюнча Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө түзүлүүчү убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилет.
322. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген шартта берилет.
323. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк тиешелүү категориялардагы жана ички категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында гана жарактуу.
324. Минималдуу окуу мезгилинен өткөндүгүн ырастоочу маалымкаттын жана убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктүн үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
325. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк төмөнкү учурларда күчүн жоготот:
– улуттук айдоочулук күбөлүк берилген учурдан тартып;
– анын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
– Кыргыз Республикасынын жол кыймылы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын башкаруу укугунун колдонулушун токтотууга алып келүүчү жагдайлар аныкталган учурда.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 341-пункт менен толукталсын:
«341. Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү ал берилген күндөн тартып 6 айды түзөт. Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
Улуттук айдоочулук күбөлүк берилгенде убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылууга тийиш.
Улуттук айдоочулук күбөлүк талапкерге жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол түзүү же укук бузуу жөнүндө токтом чыгаруу жолу менен Жол кыймылынын эрежелерин үч же андан ашык аныкталган бузуулар жок болгон шартта убактылуу улуттук айдоочулук кубөлүктүн негизинде берилет.
Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктүн колдонулушу протокол түзүү же токтом чыгаруу жолу менен ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан таризделген Жол кыймылынын эрежелерин үч же андан ашык бузуулар аныкталган учурда жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтарынын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат.
Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк жокко чыгарылган учурда минималдуу окуу мезгилинен өткөндүгүн ырастаган маалымкат да жокко чыгарылат, андан кийин талапкердин белгиленген тартипте кайра окуудан өтүүсү зарыл.».
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |