Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январындагы №1
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга түзүлүшүн бекитүү жөнүндө жана 2026-2027-жылдарга болжолу»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга түзүлүшүн бекитүү 2026-2027-жылдарга болжолдуу түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык, экономикалык стратегиялык өнүгүүсүн планынын көрсөткүчтөрүнө негиз.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджети 2025-жылга киреше бөлүгү 29895,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 29895,2 миң сомго тиркемеге ылайык анын ичинен: атайын каражат 3866,0 миң сом суммасында бекитилсин. Киреше бөлүгү №1 тиркемеде чыгаша бөлүгү №2 тиркемеде.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жайыт комитети бирикмесинин киреше бөлүгү 500,0 миң сомго чыгаша бөлүгү 500,0 миң сомго бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрү жактырылсын.
5. 2026-жылга кирешелер боюнча болжол 31553,0 миң сомго, 2027-жылга киреше боюнча болжол 33643,0 миң сом суммасында жактырылсын.
6. 2025-жылга сметада каралган акча каражаттары биринчи орунда корголгон беренелерге айлык акыга, коммуналдык чыгымдарга, өзгөчө кырдаалдарга жана ЭПИД фондко жумшалсын.
7. 2025-жылга Сайдыкум айылдык кеңеш кызматкерлеринин бирдик саны 2 киши менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 токтомуна негиз бекитилсин. Айылдык кеңештин төрагасына жана катчысынын бир жылдык эмгек акысы 1051,5 миң сомго бекитилсин.
8. 2025-жылкы калктын социалдык жардамы боюнча жөлөк пулу, жетим жесирлерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыяларга жардам 665,0 миң сомго бекитилсин.
9. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин билимин жогорулатуу үчүн окууга 100,0 миң сом бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренсине ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин 1% өлчөмүндө 262,3 миң сом резервдик фондко ажыратылып, пайдалануу багыттары жөнүндө чечим айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык сарпталышы белгиленсин.
11. 2025-жылга аппарат кызматкерлеринин жана келишимдин негизинде эмгектенген кызматкерлер менен бирге бирдик саны 21 киши менен бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.02.2024-жылдагы №52 сандуу токтомуна ылайык)
12. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 12 айылына 3 айыл башчы оруну бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.02.2024-жылдагы №52 сандуу токтомуна ылайык)
13. Ушул сессиянын чечими менен 2025-жылга бекитилген бюджети тиркеменин суммасынын чегинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн Айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
14. “Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин” талаптарына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен аныкталуусу эскертилип, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган каражаттарды каржы министрлиги тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин сессиянын чечими менен чыгымдоо каралсын.
15. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү салыктарды өндүрүү салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
16. Биринчи орунда корголгон беренелерге, эмгек акыларга жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдоо жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
17. Айыл өкмөтүнө атайын каражатка түшкөн акча каражаттарын бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу иштетүү жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
18. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |