Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январындагы №3
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан калган акча каражатын 2025-жылдын бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө»
Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2024-жылдан калган 5592,4 миң сом акча каражатын жана атайын каражаттан калган 244,9 миң сом түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2024-жылдан калган бюджеттен 5592,4 миң сом жана атайын каражаттан 244,9 миң сом акча каражаты бар экендиги белгиленсин.
2. 2024-жылдан калган 5592,4 миң сом 1-тиркемеге ылайык чыгымдарга жумшалсын.
3. Атайын каражаттан калган калдык 244,9 миң сом акча каражаты 2-тиркемеге ылайык чыгымдарга жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнө атайын каражатка түшкөн акча каражаттарын бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу иштетүү жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |