Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январындагы №7
«“Дизайн код” боюнча жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, Курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 13-декабрдагы №24 протоколдук тапшырмасындагы “Дизайн код” боюнча жобону бекитүү максатында, Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы, угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын борборун, башкы көчөлөрүнүн инфраструктурасын оңдоо, көрнөк-жарнактарды туура орнотуу, үйлөрдү жана коммерциялык объекттерди долбоордогу иш кагаздарына ылайык куруу, иретке келтирүү үчүн “Дизайн код” боюнча жобону бекитүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Ж.А.Закировго жана А.Махмуджан кызына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |