Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январындагы №8
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлорду дүйнөлүк азык түлүк программасы аркылуу каржылоо жөнүндө»
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизилип, аткарыла турган жумуштар жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы аткарыла турган жумуштардын курулушуна, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, сметада көрсөтүлгөн курулуш жумуштарына акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |