Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №1
«Сайдыкум айыл аймагындагы Жайыттарды мал жаюу максатында пайдаланууда “Сайдыкум айыл чарба “ МИнын жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн жана иш планын бекитүү жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулардын жана коомчулуктун арасында жайыттарды пайдалануу жана туруктуу башкаруу жөнүндө “Сайдыкум айыл айыл чарба” МИнын башчысы Н.Абдыгапар уулунун иш планы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайдыкум айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар алыскы жайыттарга малдарды көчүрүү учурунда техника менен жолдорду ондоо үчүн жайыт төлөмдөрүнөн түшкөн кирешеден сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Сайдыкум айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар, пайдаланып жаткан жакынкы жайыттарды зыянкечтерди дарылоо жумуштары үчүн сууга, тамак-ашка, жатканага жайыт төлөмдөрүнөн түшкөн кирешеден сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагындагы Айгыр-Жал участогундагы авариялык көпүрөнү жана жакынкы жайыт жолдорун ондоо үчүн жайыт төлөмдөрүнөн түшкөн кирешеден сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |