Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №2
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги XCMG-150 WB маркасындагы эксковатордун LOVOL FL953 маркасындагы погрузчиктин,Т-130 бульдузерди кармоо үчүн амортизациялык чыгымдарды, механизатордун айлык акысынын бекитүү жөнүндө»
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги XCMG-150 WB маркасындагы эксковатордун LOVOL FL953 маркасындагы погрузчиктин Т-130 бульдузерди кармоо үчүн амортизациялык чыгымдарды, механизатордун айлык акысынын бекитүү жөнүндө “Сайдыкум айыл айыл чарба” МИнын башчысы Н.Абдыгапар уулунун иш планы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги XCMG-150 WB маркасындагы эксковатордун амортизациялык чыгымдарын, механизатордун айлык акысын сугат суу төлөмдөрүнөн түшкөн кирешеден сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги LOVOL FL953 маркасындагы погрузчиктин амортизациялык чыгымдарын, механизатордун айлык акысын сугат суу төлөмдөрүнөн түшкөн кирешеден сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги Т-130 маркасындагы бульдузердин ремонт чыгымдарды, механизатордун айлык акысын сугат суу төлөмдөрүнөн түшкөн кирешеден сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |