Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №3
«Сайдыкум айыл чарба “ МИнын сугат суу кызматы үчүн сугат суу төлөмдөрдүн өлчөмүн жана иш планын бекитүү жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын жана коомчулуктун арасында сугат сууну пайдалануу жана туруктуу башкаруу жөнүндө “Сайдыкум айыл айыл чарба” МИнын башчысы Н.Абдыгапар уулунун иш планы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сайдыкум айыл чарба” МИнын сугат суу кызматы үчүн сугат суу төлөмдөрдүн өлчөмүн жана иш планын кайра башынан эсептелинип такталсын жана кайра башынан эсептеп тактоо жагы “Сайдыкум айыл айыл чарба” МИнын башчысы Н.Абдыгапар уулуна милдеттендирилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын жана коомчулуктун арасында сугат сууну пайдалануу тарифи мамлекеттик кызмат жана ЖОБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик бекиткен атайын методиканын негизинде сугат суу тарифи бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын жана коомчулуктун арасында сугат сууну пайдалануу тарифинин ичинде суу жеткирүүдө колдонула турган чыгымдар толугу менен каралсын жана администравдик чыгымдар, эмгек акы, салыктар, каналдардын, техникалардын амортизациясы, эксплуатациялык чыгымдар, резервдик фонд жана ОСЧБ, РСЧБнын төлөмдөрү киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |