Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №4
«Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргендигине байланыштуу, турак имараттары, курулмалар жана орун жайлар үчүн салык ставкасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-беренесинин 5-пунктуна ылайык жергиликтүү салыктар, жергиликтүү кеңештерге ушул Кодексте берилген укуктардын чектеринде, жергиликтүү кеңештердин чечимдик укуктук актыларынын негизинде, 2025-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесинин 3-пунктунун 1-бөлүмчө пунктуна өзгөртүү киргендигине байланыштуу, турак имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн ставкасы квадрат метрине 100 сомдон ашпаган ставка каралган. Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгы Салык Кодексине өзгөртүү киргендигине байланыштуу турак имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн зона салык ставкасын бекитүү жөнүндөгү маселесин, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январындагы №045/05-01-04/68 чыгыш катын угуп жана талкулап, Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагында 2025-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргендигине байланыштуу, турак имараттары, курулмалар жана орун жайлар үчүн зоналдык салык ставкасы колдонууга киргизилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагындагы турак имараттары, курулмалар жана орун жайлар үчүн салык ставкасын 45 сом болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө дагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |