Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №6
«Сайдыкум айыл аймагынын Тойчубек-Чек айылына ысым коюу жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагынын Тойчубек-Чек айылынын жашоочуларынын арызына жана протоколуна негиз, Тойчубек-Чек айылына көп жылдан бери айылга өз салымын кошуп келген, согуштун ардагери Уметов Касымдын ысымын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Тойчубек-Чек айылынын жашаган тургундарынын көчөгө ат коюу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Тойчубек-Чек айылынын көп жылдан бери айылга өз салымын кошуп келген, согуштун ардагери Уметов Касымдын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларынын жазып, орнотуу Уметов Касымдын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |