Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №7
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин тосмолоого колдоо көрсөтүү менен “Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 80 метр аралыкка убактылуу шпора куруу жана сетка орнотуу боюнча” долбоорун, Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо жөнүндө»
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин тосмолоого колдоо көрсөтүү менен “Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 80 метр аралыкка убактылуу шпора куруу жана сетка орнотуу боюнча” долбоорун, Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык экономикасын өнүктүрүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин тосмолоого колдоо көрсөтүү менен “Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 80 метр аралыкка убактылуу шпора куруу жана сетка орнотуу боюнча” долбооруна сунушталган долбоордук сметалык документтерин тийиштүү талаптардын негизинде даярдалсын.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин тосмолоого колдоо көрсөтүү менен “Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 80 метр аралыкка убактылуу шпора куруу жана сетка орнотуу боюнча” долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин тосмолоого колдоо көрсөтүү менен “Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 80 метр аралыкка убактылуу шпора куруу жана сетка орнотуу боюнча” долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн 357,398 (үч жүз элүү жети миң үч жүз токсон сегиз миң) сом акча каражатын Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фондуна 2025-жылга ишке ашыруу үчүн, 157,398 (бир жүз элүү жети миң үч жүз токсон сегиз миң) сом акча каражатын айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен, 200,000 (эки жүз миң) сом акча каражатын Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду мекемесинен долбоор даярдалып сунушталсын.
4. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин тосмолоого колдоо көрсөтүү менен “Кара-Үңкүр сайынын сол жээгине 80 метр аралыкка убактылуу шпора куруу жана сетка орнотуу боюнча” долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды , жергиликтүү бюджет жана Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан өздүк салым катары бөлүнүп берилген 200,000 (эки жүз миң) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |