Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №8
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен айыл өкмөтүнүн резервдик фондусуна акча каражатын кайтаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси А.Кожомуратовдун жазма буйругунун негизинде, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылы резервдик фондусунан пайдаланылган 50,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен резервдик фондко кайтарылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттен кыскартылуучу сумманы тактап, үнөмдөлгөн беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго тапшырылсын.
3. Каржы бузууларга жол берген кызматкерлерге тартиптик жоопкерчилигин берүү жагы каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө дагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |