Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №1
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылындагы муниципалдык менчиктеги жерге пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт алуу жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагынын Аркалык айылына жаңы 50 орундуу бала бакчасы Жалал-Абад областык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2025-жылга Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине Титулдук тизмеге киргизилгендигине байланыштуу, Аркалык айылындагы социалдык объектилер үчүн (мектеп курууга) берилген муниципалдык менчиктеги 3-02-05-1003-0151 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 10000,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 4000,0 чарчы метр жер тилкесин бөлүп, мамлекеттик акт алуу маселеси жөнүндөгү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылындагы 3-02-05-1003-0151сыр белгиси менен катталган муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 10000,0 чарчы метр бош жаткан жер тилкесинин ичинен 4000,0 чарчы метр жер тилкелерин бөлүп, бала бакча курууга мыйзамдаштырылып берилсин.
2. Бөлүнгөн 4000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянтын бала бакча курууга мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |