Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №2
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылына соц.объектилерди курууга 4000,0 чарчы метр жер тилкеси жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагынын Аркалык айылына жаңы 50 орундуу бала бакчасы, Жалал-Абад областык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2025-жылга Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине Титулдук тизмеге киргизилгендигине байланыштуу, Аркалык айылындагы социалдык объектилер үчүн ажыратылган жер аянтынын жанындагы айыл чарба багытындагы жер аянтынан жалпы 4000,0 чарчы метр жер тилкесине социалдык объектилерди куруу жөнүндө, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы Аркалык айылындагы социалдык объектилер куруу үчүн ажыратылган жер аянтынын жанындагы айыл чарба багытындагы жер аянтынан жалпы 4000,0 чарчы метр жер тилкесине социалдык объектилерди курууга, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 12-беренесинин 9-пуктуна ылайык, иш алып баруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабековага милдеттендирилсин.
2. Даярдалган иш кагаздарын, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |