Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №4
«Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын А.Кудаяров көчөсүнө жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын, А.Кудаяров көчөсүнүн тургундарынын арызына негиз, Кызыл-Ай айылынын А.Кудаяров көчөсүнө 2002-жылы системдик каттоого кирбей жана башкы планга кирбей калган турак үйлөрдүн тургундарынын арызын угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын, А.Кудаяров көчөсүнө даярдалган башкы планындагы турак үйлөрдүн чек арасын жана жалпы пайдалануудагы жер аянттарын (жол, КТП) чек арасын тактап жана башкы планга кирбей калган турак-жай тилкелерин башкы планга киргизүү жумуштарын мыйзам чегинде карап даярдап берүү жагы тийиштүү мекеме ишканалардан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |