Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №6
«Сайдыкум айыл аймагынын жаранына “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу жөнүндө»
2024-жылдын 17-декабрындагы Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №11-токтому менен бекитилген Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого негиз, Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын тургуну Мырзакулов Токтомат Токоевичке “Ардактуу атуул” наам берүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагында көп жылдар бою ветеринардык тармакта эмгектенип, элге кызмат көрсөтүп, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон, ушул күнгө чейин жеке ветеринардык даарыгер болуп, айыл аймакта эпизоотиялык абалды туруктуу сактоодо зор салымын кошуп келе жаткан, Кызыл-Ай айылынын тургуну Мырзакулов Токтомат Токоевичке Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн, төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабековага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |