Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №7
«“Сайдыкум айыл чарба “ МИнын сугат суу кызматы үчүн сугат суу төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана иш планын бекитүү жөнүндө»
Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын жана коомчулуктун арасында сугат сууну пайдалануу жана туруктуу башкаруу жөнүндө “Сайдыкум айыл айыл чарба” МИнын башчысы Н.Абдыгапар уулунун иш планы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сайдыкум айыл чарба” МИнын сугат суу кызматы үчүн сугат суу төлөмдөрдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын суу ресурстар айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрилигинин 2025-жылдын 07-февраль айындагы №04-13/34 буйругу менен иштелип чыкан атайын методиканын негизинде эсептелинген сугат суу берүү боюнча ирригациялык кызматтар үчүн баалардын прейкуранты менен сугат суу тарифи бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын жана коомчулуктун арасында сугат сууну пайдалануу тарифи боюнча түшүндүрүү жумуштарын жана канал, арыктарды чабуу жумуштарынын көлөмүн аныктоо максатында, чогулуштарды өткөрүү жагы “Сайдыкум айыл чарба” МИнын башчысы Н.Абдыгапар уулуна милдеттендирилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулар сугат сууну пайдалануу үчүн канал, арыктарды тазалоо чабуу жумуштарынын чыгымдары толугу менен сугат суу пайдалануу үчүн түзүлгөн тарифдин ичинен жумшалсын.
4. Сайдыкум айыл аймагындагы учаскалык мураптар өздөрүнүн айыл чарба жерлериндеги канал, арыктарды чабуу, тазалоо жумуштары кеч калгандыгына байланыштуу кыска мөөнөттүн ичинде ар бир айылдагы канал, арыктардын азыркы абалы жөнүндө акт жазылсын жана чаап тазалоого күйүүчү майлар (ГСМ) даярдалсын.
5. Сайдыкум айыл аймагындагы сел канал, арыктарды чабуу, тазалоо арык, каналдардан чыкан таштантыларды ташуу жана бузулуп кеткен авариялык каналдарды бетондоо, техникаларды ремонттоо жумуштарына жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жумшалсын.
6. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |