Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-декабры № 195
Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдер келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 17 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 10 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 22 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 12 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-декабрындагы № 16 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңеши боюнча:
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 6 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айылдык кеңештери боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 7 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15 жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.
3) Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 12 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 6 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 13 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 10 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 22 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-декабрындагы № 16 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 6 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айылдык кеңештери боюнча.
5) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер.
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 8 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- Бишкек, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Баткен, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттардын депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы № 195 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек АШК, № 7, 19.12.2025-ж. (19.12.2025-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | Асилбеков Азирет Ысманалиевич (8) "Эл-Үмүтү" депутаттык фракциясы |
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
2 | Ысык-Ата АШК, № 10, 09.12.2025-ж. (19.11.2025-ж. өз арызы) | Узун-Кыр айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Малабакиев Фарух Камильджанович |
Москва району | |||
3 | Москва АШК, № 22, 12.12.2025-ж. (10.12.2025-ж. өз арызы) | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Сатиева Гулжан Эркинбековна |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
4 | Баткен АШК, № 12, 16.12.2025-ж. (03.12.2025-ж. өз арызы) | Ак-Татыр айылдык кеңеши (№ 1 Ак-Татры шайлоо округу) | Темиров Акжол Мамасалиевич |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
5 | Токтогул АШК, № 7, 16.12.2025-ж. (15.12.2025-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | Асанбеков Нуржигит Абдилатович (5) "Тынчтык" депутаттык фракциясы |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
6 | Жети-Өгүз АШК, № 16, 17.12.2025-ж. (15.12.2025-ж. өз арызы) | Жети-Өгүз айылдык кеңеши (№ 1 Ырдык шайлоо округу) | Тагаев Нурлан Исхарович |
7 | Жети-Өгүз АШК, № 16, 17.12.2025-ж. (16.12.2025-ж. өз арызы) | Жети-Өгүз айылдык кеңеши (№ 2 Балтабай шайлоо округу) | Базаркул уулу Рустам |
Ысык-Көл району | |||
8 | Ысык-Көл АШК, № 15, 18.12.2025-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0331773 күбөлүгү Чолпон-Ата шаардык ЖААК бөлүмү тарабынан 17.11.2025-ж. берилген) | Садыр Аке айылдык кеңеши (№ 5 Григорьевка-1 шайлоо округу) | Бозунбаев Айбек Бактыбекович |
Тоң району | |||
9 | Тоң АШК, № 6, 18.12.2025-ж. (26.11.2025-ж., өз арызы) | Улахол айылдык кеңеши (№ 4 Кара-Шаар шайлоо округу) | Мусаев Сейитбек Орозакунович |
10 | Тоң АШК, № 6, 18.12.2025-ж. (24.11.2025-ж., өз арызы) | Ак-Терек айылдык кеңеши (№ 6 Кара-Коо-Бар-Булак шайлоо округу) | Абылкасымов Тилектеш Төлөгөнович |
11 | Тоң АШК, № 6, 18.12.2025-ж. (08.12.2025-ж., өз арызы) | Күн-Чыгыш айылдык кеңеши (№ 2 Тоң шайлоо округу) | Кадыров Эрмек Кадырович |
Каракол шаары | |||
12 | Каракол АШК, № 7, 19.12.2025-ж. (16.12.2025-ж., өз арызы) | Каракол шаардык кеңеши | Дуйшеева Перизат Табылдиевна (3) "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы № 195 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин аты-жөнү |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
1 | Баткен АШК, № 12, 16.12.2025-ж. (03.12.2025-ж. өз арызы) | Ак-Татыр айылдык кеңеши (№ 1 Ак-Татыр шайлоо округу) | Байджигитов Сейитбек Сейдахматович |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
2 | Токтогул АШК, № 7, 16.12.2025-ж. (15.12.2025-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | Тойчубеков Кубат Мойдунович (8) "Тынчтык" саясий партиясы |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
3 | Тоң АШК, № 6, 18.12.2025-ж. (18.12.2025-ж. өз арызы) | Улахол айылдык кеңеши (№ 4 Кара-Шаар шайлоо округу) | Иманов Зайырбек |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы № 195 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө боюнча чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Аламүдүн АШК, № 13, 18.12.2025-ж. (15.11.2025-ж. өз арызы) | Достук айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Борчубаев Сеит Замирбекович | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Ата району | ||||
2 | Ысык-Ата АШК, № 10, 09.12.2025-ж. (19.11.2025-ж. өз арызы) | Узун-Кыр айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Кожобергенова Марта Мухтаровна | Убактылуу иштебейт |
Москва району | ||||
3 | Москва АШК, № 22, 12.12.2025-ж. (12.12.2025-ж. өз арызы) | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Мыкыева Анара Ниязовна | А.Жапаров атындагы орто мектептин чарба башчысы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
4 | Токтогул АШК, № 7, 16.12.2025-ж. (15.12.2025-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | Тоялиев Нурэлес Нурисович (7) "Тынчтык" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
5 | Жети-Өгүз АШК, № 16, 17.12.2025-ж. (16.12.2025-ж. өз арызы) | Жети-Өгүз айылдык кеңеши (№ 1 Ырдык шайлоо округу) | Докеев Нурбек Каирович | А.Курманбеков атындагы орто мектептин мугалими |
6 | Жети-Өгүз АШК, № 16, 17.12.2025-ж. (16.12.2025-ж. өз арызы) | Жети-Өгүз айылдык кеңеши (№ 2 Балтабай шайлоо округу) | Ыпыев Керимбек Үсөнович | Жеке ишкер |
Ысык-Көл району | ||||
7 | Ысык-Көл АШК, № 16, 18.12.2025-ж. (16.12.2025-ж. өз арызы) | Садыр Аке айылдык кеңеши (№ 5 Григорьевка-1 шайлоо округу) | Рыспаев Кенжебек Арпачиевич | Убактылуу иштебейт |
Тоң району | ||||
8 | Тоң АШК, № 6, 18.12.2025-ж. (18.12.2025-ж. өз арызы) | Улахол айылдык кеңеши (№ 4 Кара-Шаар шайлоо округу) | Койгелдиев Болотбек Сламбекович | Дыйкан |
9 | Тоң АШК, № 6, 18.12.2025-ж. (04.12.2025-ж. өз арызы) | Ак-Терек айылдык кеңеши (№ 6 Кара-Коо-Бар-Булак шайлоо округу) | Болот уулу Бакытбек | Чакан ГЭС ишканасынын жумушчусу |
10 | Тоң АШК, № 6, 18.12.2025-ж. (09.12.2025-ж. өз арызы) | Күн-Чыгыш айылдык кеңеши (№ 2 Тоң шайлоо округу) | Атамбаев Талантбек Макенович | "Мурас" дыйкан чарбасынын жетекчиси |
Каракол шаары | ||||
11 | Каракол АШК, № 8, 19.12.2025-ж. (16.12.2025-ж. өз арызы) | Каракол шаардык кеңеши | Алиева Бактыгүл Кенешбековна(6) "Ыйман Нуру" саясий партиясы | Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын медайымы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| У.Темирбеков |