Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

  2025-жылдын  23-майындагы №2

 

«Сайдыкум айыл аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым сатавкасын бекитип берүү жөнүндө»

     

     Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 74-75-76-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.    Сайдыкум айыл аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым сатавкасынын жеке жактар жана юридикалык жактар үчүн 100 сомго бекитилсин.

 

2.    Токтомду аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

   Төрага

 

             Б.А.Анарбаев