Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

  2025-жылдын  23-майындагы №3

 

«Сайдыкум айыл аймагындагы Дүкүр айылынын тургуну Назаров Жахонгир Каримбердиевичтин менчигинде болгон 2400,0 чарчы метр жер аянты жөнүндө»

     

     Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 23-май №10-5/1050 сандуу катына негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы Дүкүр айылынын тургуну Назаров Жахонгир Каримбердиевичтин арызы боюнча, маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.    Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылында жайгашкан Назаров Жахонгир Каримбердиевичтин менчигинде болгон 2400,0 чарчы метр жер тилкесин максаттуу пайдалануу багыты, тийиштүү мекеме ишканалардын оң тараптуу корутундулар алуу менен өндүрүш багытынан турак жай алдында пайдаланууга өзгөртүлсүн.

 

2.    Бул боюнча документ иштерин аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

   Төрага

 

                                   Б.А.Анарбаев