Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

  2025-жылдын  23-майындагы №5

 

«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмү салык жыйым түрү боюнча»

     

     Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмү салык жыйым түрү боюнча, киреше салыгынан (подоход) 10% республикалык бюджетке чегерилгендиктен жана жаңы жумуш орундары жок болгондуктан 1-жарым жылдыкта 1200,0 миң сомго айыл өкмөтүндө лицензиялануучу ишканалар жок болгондугуна байланыштуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан 88,7 миң сомго толбой калышы күтүлүүдө. Ошол себептен, жогоруда көрсөтүлгөн суммаларды 2025-жылдын 1-жарым жылдык бекитилген киреше планынан кыскартуу маселеси боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.    Сунушта көрсөтүлгөн суммаларды кыскартуу боюнча, Базар-Коргон райондук финансы башкармалыгы менен такташууну жана үнөмдөлгөн беренелер аркылуу сатуу киреше планынан кыскартуу жагы Базар-Коргон райондук финансы башкармалыгына сунушталсын жана келип чыккан айырманы беренелер аркылуу кыскартып, иштетүү жагы ФЭБ башчы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

   Төрага

 

        Б.А.Анарбаев