Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

  2025-жылдын  23-майындагы №7

 

«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсүндөгү “Сайдыкум айыл аймагынын административдик имаратына Технологиялык жабдуулар алуу” долбоорун, Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө»

     

         Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсүндөгү “Сайдыкум айыл аймагынын административдик имаратына Технологиялык жабдуулар алуу” долбоорун, Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.  Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы, Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсүндөгү “Сайдыкум айыл аймагынын административдик имаратына Технологиялык жабдуулар алуу” долбооруна даярдалган сметалык документтеринин негизинде тийиштүү документтери даярдалсын.

2.  Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсүндөгү “Сайдыкум айыл аймагынын административдик имаратына Технологиялык жабдуулар алуу” долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.

3.  Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсүндөгү “Сайдыкум айыл аймагынын административдик имаратына Технологиялык жабдуулар алуу” долбооруна даярдалган долбоордук сметасында көрсөтүлгөн 4 004,663 (төрт миллион төрт миң алты жүз алтымыш үч ) сом сумманын 10 пайызы болгон  400,466 (төрт жүз миң төрт жүз алтымыш алты ) сом акча каражатын, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен төлөп берилсин калган 3 604,197 (үч миллион алты жүз төрт миң бир жүз токсон жети ) сом акча каражатын Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонд эсебинен  2025-жылдагы республикалык бюджеттен ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын.

4.  Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсүндөгү “Сайдыкум айыл аймагынын административдик имаратына Технологиялык жабдуулар алуу” долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилген 400,466 (төрт жүз миң төрт жүз алтымыш алты ) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

   Төрага

 

        Б.А.Анарбаев