Редакцияот 16.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

  2025-жылдын  16-июлундагы №2

 

«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»

     

    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлумүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.  Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген бюджетинин 701 раздельдин 2215 статьясына каралган 700,0 миң сом, 709 раздельдин 3111 статьясына каралган 350,0 миң сом, 701 раздельдин 2215 статьясына каралган 50,0 миң сом бардыгы болуп, 1100,0 миң сом акча каражаттары төмөндөгү жумуштарга жумшалсын. (тиркеме тиркелет)

 

2.    Кошулган планга беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

   Төрага

 

             Б.А.Анарбаев