Редакцияот 16.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

  2025-жылдын  16-июлундагы №6

 

«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын толуктоолору менен бекитүү жөнүндө»

     

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ №178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын 2025-жылдын 01-июлундагы “151-т тескемесине негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолор киргизилип жаткандыгы тууралуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.         Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын өнүктүрүүнүн улуттук программасына негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы толуктоолору менен бекитилсин.

 

2.         Инвестициялык долбоорлорду тартуу, өз убагында иш кагаздарын долбоорлорго сунуштоо жагы Инвестиция тартуу боюнча адиси Э.Аликеевага тапшырылсын.

 

3.         Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы менен иш алып баруу жагы, тийиштүү кызматкерлерге эскертилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

   Төрага

 

        Б.А.Анарбаев