КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 19-майы № 69
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 46-берененин 3-бөлүгүндө ", ошондой эле кагаз вариантта" деген сөздөр "же кагаз түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 50-берененин 7-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 51-берененин 7-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 52-берененин 2-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 58-берененин 6-бөлүгү "күндүн ичинде" деген сөздөрдөн кийин "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 162-берененин 1-бөлүгүндө "кагаз жана электрондук түрдө" деген сөздөр "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-берененин 3-бөлүгүндө "кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо" деген сөздөр "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 30-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |