Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

  2025-жылдын  14-августундагы №4

 

«Сайдыкум айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын колдонууга киргизүү жана мүлк салыгынын, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө»

     

    Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна жана 22.12.2021-жылдагы Салык Кодексинин жаңы редакциясынын 388, 404 беренесине ылайык, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.         Сайдыкум айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренсинин 2- пунктуна негиз, Салык Кодексинин 372-412-беренелеринин жоболоруна ылайык, мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.

 

2.         Сайдыкум айыл аймагы боюнча бардык аймагында Салык Кодексинин 388-беренсинин 1-пунктуна негиз, имараттар, курулмалар жана жайларга мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициенттин салыктык наркы -1,0 барабар бекитилсин.

 

3.         Сайдыкум айыл аймагы боюнча бардык аймагында Салык Кодексинин 404-беренсинин 4,5-пунктуна негиз, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициенттин салыктык наркы -1,2 барабар бекитилсин

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

   Төрага

 

        Б.А.Анарбаев