Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

  2025-жылдын  14-августундагы №8

 

«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»

     

    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  

1.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган долбоорлордун каражаттары төмөнкүдө түрдө каралсын: 70111-2215 статьядан 398,3 миң сом азайтылсын, 70823-3111 статьяга 122,0 миң сомго көбөйтүлсүн, 70911-3111 статьяга 126,3 миң сомго көбөйтүлсүн, 70111-3111 статьяга 150,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

 

2.    Кошулган пландарга беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлумүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

   Төрага

 

        Б.А.Анарбаев