Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 368
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
- 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик мекемелер тарабынан Тизмекке башка каражаттарды киргизүү боюнча сунуштар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга негиздөө жана ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен киргизилет.»;
- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемесинде:
56-пунктта «Улуттук коопсуздук органынын мекемесинин келишимдик иштеринен түшүүлөр» деген сөздөр «Улуттук коопсуздук органынын жана анын ведомстволук мекемелеринин келишимдик иштеринен жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр» деген сөздөргө алмаштырылсын;
61-пунктта «Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо үчүн төлөм» деген сөздөр «Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо жана автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) күтүү үчүн төлөм» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 71–74-пункттар менен толукталсын:
«
71 | Мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган кызматчыларга (аскер кызматчыларына), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | УКМК |
|
72 | Мамлекеттик органдар жана мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик тилди окутуудан жана котормо ишинен түшүүлөр | ОМКБ |
|
73 | Мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү | КРПИБ «Кызмат» ММ |
|
74 | Кыргыз Республикасынын аймагында ишти жүзөгө ашырган авиакомпаниялардын экипаждарынын мүчөлөрү үчүн күбөлүктөрдү даярдоо | КРПИБ «Кызмат» ММ |
|
»;
кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«ОМКБ
| – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору |
КРПИБ «Кызмат» ММ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси». |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |