Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 17- сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 2
Шекер айыл аймагынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди белгилөө жөнүндө
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныны 34, 39-беренелерин жетекчилике алып, ошондой эле Шекер айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын абоненттерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдын 1-январынан баштап Шекер айыл аймагына колдонууга киргизилсин.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Шекер айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Тазалык” муниципалдык ишкананын жетекчисине жана туруктуу комиссисына жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |
1- тиркеме
1. Шекер айыл аймагындагы мектеп, бала бакчалар, спорт комплекстер жан башына 10 (он) сом, больница жан башына 30 (отуз) сом, чек ара кызматындагыларга жан башына 50 (элүү) сом өлчөмүнө бекитилсин.
2. Айылдар боюнча;- Шекер айыл тургундарына түтүн башына бир айга 200 (эки жүз) сом,
-Көк-Сай айыл тургундарына түтүн башына бир айга 200 (эки жүз) сом.
-Кайнар айыл тургундарына түтүн башына бир айга 200 (эки жүз) сом.
-Арчагул айыл тургундарына түтүн башына бир айга 120 (жүз жыйырма) сом.
-Айыл аймагындагы авто машиналарды жуучу жайлар бир айга 1000 (миң) сом
-Айыл аймагындагы мончолор бир айга1000 (миң) сом.