Редакцияот 20.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 20-майы № 502-VIII

 

«2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 14-апрелиндеги чыг. № 15-4518) «2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары Б.А. Ибрагимов