Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 5-марты №34
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы Сары –Камыш участкасынын 06,0 га жайыт жеринин багытын которуу жөнүндө ”
Терек – Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы Сары-Камыш участкасындагы 06,0 га кунарсыз жайыт жерин таштанды таштоочу жай куруу максатында жердин багытын которуу зарылдыгы жөнүндөгү Шекафтар айылынын айыл башчысы Айткул Рысбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек – Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы Сары-Камыш участкасындагы 06,0 га кунарсыз жайыт жерине таштанды таштоочу жай куруу максатында жердин багытын которуу ишин жүргүзүү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Кунарсыз жайыт жерин үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Көлбаева Махабат Нарбековнага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, курулуш боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|