Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 22-майы № 180
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин Күжүрмөн туусу жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларынын сырткы көрүнүшүн бир калыпка келтирүү, кыргыз элинин улуттук-маданий баалуулуктарын сактоо жана аскердик салттарды бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |