Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-сентябры № 3361-VII
"2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо - 2-транш" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 49793 - 2-транш), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 49793 - 2-транш) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 49793 - 2-транш) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 30-майындагы кир. № 18-5641) "2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо - 2-транш" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 49793 - 2-транш), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 49793 - 2-транш) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 49793 - 2-транш) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
|
Н.Сыдыгалиев |