Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 5-марты №37
№18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин имараты өндүрүшкө жакын жайгашкандыктан, мугалимдери жана окуучулары зыяндуулук тартып жаткандыгына байланыштуу сүт азыктарын алып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 19.02. чыккан №31 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу №18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине Спринтер автоунаасын алууга каражат жетишпей жаткандыктан, эмгектенип жаткан мугалимдеринин жана окуучуларынын ден соолугуна зыян келип жаткандыгына байланыштуу, сүт азыктары менен камсыздап берүү жөнүндө Терек-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 19.02. чыккан № 31 токтомуна ылайык бөлүнгөн акча каражатынын багытын өзгөртүү зарылчылыгына байланыштуу аталган мектептин профсоюз уюмунун жетекчиси А.Сеитовдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу №18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде эмгектенип жаткан мугалимдердин жана окуучулардын ден соолугуна зыян келип жаткандыгына байланыштуу, сүт азыктары менен камсыздап берүү үчүн каралган 2 896 480 (эки миллион сегиз жүз токсон алты мин төрт жүз сексен) сом акчанын 1 500 000 ( бир миллион беш жүз мин ) сому аталган мектепке Спринтер автоунаасын алууга жумшоо үчүн 01.01.2025-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Суванова Тамара Тургунбаевнага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|