Редакцияот 12.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 22-майы № 75

 

2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-майындагы № 35 саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 22-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган