Редакцияот 23.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз IХ сессиясы

 

2021-жылдын 23-декабры № 9/1

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү жөнүндө

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү жөнүндө маселени шаардык кенештин депутаттары карап жана талкуулап (VIII чакырылыштагы кезексиз IХ- сессиясы)

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты мекеме-ишканаларга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

 

1. Шаардык мэрияга жалпысынан 10,0 миң сом каралсын анын ичинен:

311-берене монитор алууга – 10,0 миң сом.

2. Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 666,0 миң сом каралсын анын ичинен:

222- берене КМДнин чатырын оңдоого –350,0 миң сом;

221- берене күйүүчү май алууга – 50,0 миң сом

222- берене Бульвар 40 лет Октября көчөсүндөгү эски балдар

консультациясынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн

– 266,0 миң сом;

3. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 1311,0 миң сом каралсын анын ичинен:

223- берене электр энергиясынын карызын төлөө үчүн -214,4 миң сом (мектептерге – 128,6 миң сом, бала-бакчаларга – 85,8 миң сом);

221- берене б/б өрт өчүргүч алууга– 37,5 миң сом;

311- берене б/б двигатель алууга – 35,0 миң сом;

311- берене б/б керебет алууга – 160,0 миң сом;

311- берене б/б комфорка алууга – 400,0 миң сом;

221- берене о/м өрт өчүргүч алууга – 37,5 миң сом;

222- берене о/м фильтр алууга – 21,6 миң сом;

222- берене №2 б/б чатырын алмаштырууга жана электр зымдарын

монтаж кылуу үчүн – 225,0 миң сом;

222- берене №4 о/м фундаментинин цоколун оңдоо үчүн– 80,0 миң сом;

222- берене балдар чыгармачылык борборунун окуу бөлмөлөрүн

ремонттоого – 100,0 миң сом;

4. Шаардык кеңешке жалпысынан 13,0 миң сом каралсын анын ичинен:

211- берене эмгек акысына – 6,0 миң сом;

221- берене кызматтык сапар чыгымдарына – 3,9 миң сом;

221- берене башка тейлөө кызматтарын алууга – 3,0 миң сом.

2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б.Замирбековго жана шаардык финансы башкармасынын башчысы К.Маткаримовго жүктөлсүн.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

З.Байдавлетов