Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин Күжүрмөн туусу жөнүндө
жобо
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин (мындан ары - аскердик бөлүк) Күжүрмөн туусу - аскердик бөлүктүн күжүрмөн дайындалыштагы өзгөчөлүктөрү, тарыхы жана сиңирген эмгеги менен айырмаланган, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө таандык экендигин көрсөтүүчү расмий символ. Күжүрмөн туу аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болуп эсептелет, ар бир аскер кызматчысына Ата мекенди коргоонун баатырдык салттары жана ыйык парзы жөнүндө эскертип турат.
2. Күжүрмөн туу кызыл (кумач) түстөгү баркыт (жибек) кездемеден даярдалган эки жактуу тик бурчтуу формадагы кездемеден турат. Кездеменин узундугу - 1450 мм, туурасы - 1100 мм. Кездеменин үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачы менен айланта кооздолгон.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүгүнүн Күжүрмөн туусунун алдынкы бетинде кездеменин ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символикасынын белгиси, символика белгисинин үстүндө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу, символика белгисинин астында "МИЛДЕТ НАМЫС АТА МЕКЕН" деген жазуу, арткы бетинде кездеменин ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүгүнүн символика белгиси, символиканын үстүндө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу, символика белгисинин астында аскердик бөлүктүн аталышы менен жазуу жайгаштырылат. Символика белгисинин туурасынын кездеменин туурасына болгон катышы - экиден бир.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуунунун курамына кирген аскердик бөлүктүн Күжүрмөн туусунун астынкы бетинде кездеменин ортосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символика белгиси, символиканын үстүндө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу, символика белгисинин астында "МИЛДЕТ НАМЫС АТА МЕКЕН" деген жазуу, кездеменин арткы бетинин ортосунда аскердик бөлүктүн символика белгиси, символика белгисинин үстүндө кошуундун аталышы менен жазуу, символика белгисинин астында аскердик бөлүктүн анык аталышы менен жазуу жайгаштырылат.
Символика белгисинин туурасынын кездеменин туурасына болгон катышы - экиден бир.
Бардык сүрөттөр жана жазуулар сары (алтын) түстө аткарылган.
Күжүрмөн туунун сабы жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалып, узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болот. Сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакеги, жогорку учунда узундугу 330 мм, төмөнкү негизинин туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, учу никелденген фигуралуу миздүү учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манастын белгиси (уруу мөөрү) жана Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чагылдырган түндүк жайгашкан.
Күжүрмөн туунун боосу өрүлгөн сары (алтын) түстүү жибектен жасалган, учунда эки чачысы бар. Боонун узундугу 2700 мм түзөт. Күжүрмөн туунун учтугунун төмөнкү негизине боо анын узундугунун үчтөн экиге катышында бекитилет.
3. Тозоттогу Күжүрмөн туу ордендер, ордендик жана туу ленталары менен бирге айнек шкафта сабында жайылган түрдө сакталат, аскердик бөлүктүн гербдүү мом мөөрү менен мөөрлөнөт. Күжүрмөн туу сабын бекитүү үчүн оюгу бар туу такага (сапты орнотуу үчүн кесилген текчеге) тик абалда орнотулушу керек.
Башка учурларда Күжүрмөн туу түрүлгөн түрдө жана аскердик бөлүктүн гербдүү мом мөөрү менен мөөрлөнгөн капта сакталат.
Күжүрмөн туу салтанаттуу жана расмий иш-чараларды өткөрүүдө алып чыгылат.
4. Күжүрмөн туу аскердик бөлүктүн аталышы жана катар номери өзгөргөндүгүнө карабастан бардык учурда аскердик бөлүктө сакталат. Бул учурда аскердик бөлүктүн аталышын жана катар номерин өзгөртүүлөр Күжүрмөн тууну тапшырууда берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасына киргизилет. Аскердик бөлүк кайра түзүлгөн, кайра аталган жана баш ийүүсү өзгөргөн учурда Күжүрмөн туу, ошондой эле анын сыйлыктары жана ардактуу аталыштары коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча калтырылышы мүмкүн.
5. Аскердик бөлүк жоюлган учурда Күжүрмөн туу аскердик башкаруунун борбордук органынын режимдик-жашыруун органына андан ары сактоо үчүн өткөрүп берилет.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүгүнүн Күжүрмөн туусун башка органдар жана жактар пайдалана албайт. Аларды бурмалоого, бузууга жана ушундай мүнөздөгү башка аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда аталган аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.