Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жөнүндө
жобо
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары – Коргоо министрлиги) Күжүрмөн туусу жана символика белгиси – аскердик бөлүктүн күжүрмөн дайындалыштагы өзгөчөлүктөрү, тарыхы жана сиңирген эмгеги менен айырмаланган, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө таандык экендигин көрсөтүүчү расмий символдор. Күжүрмөн туу аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болуп эсептелет, ар бир аскер кызматчысына Ата мекенди коргоонун баатырдык салттары жана ыйык парзы жөнүндө эскертип турат.
2. Күжүрмөн туу кызыл (кумач) түстөгү баркыт (жибек) кездемеден даярдалган эки жактуу тик бурчтуу формадагы кездемеден турат. Кездеменин узундугу – 1450 мм, туурасы – 1100 мм. Кездеменин үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачы менен айланта кооздолгон.
Кездеменин алдынкы жана арткы беттеринин ортосунда Коргоо министрлигинин символика белгиси жайгашкан. Символика белгисинин туурасынын кездеменин туурасына карата катышы – экиден бир. Кездеменин алдынкы бетинде символика белгисинин астында мамлекеттик тилде сары (алтын) түстө «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ» деген жазуу жайгашкан. Кездеменин арткы бетинде символика белгисинин астында расмий тилде сары (алтын) түстө «МИНИСТЕРСТВО ОБОРОНЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ» деген жазуу жайгашкан.
Бардык сүрөттөр жана жазуулар сары (алтын) түстө аткарылган.
Күжүрмөн туунун сабы жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалып, узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болот. Сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакеги, жогорку учунда узундугу 330 мм, төмөнкү негизинин туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, учу никелденген фигуралуу миздүү учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манастын белгиси (уруу мөөрү) жана Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чагылдарган түндүк жайгашкан.
Күжүрмөн туунун боосу учунда эки чачысы бар, сары (алтын) түстө өрүлгөн. Боонун узундугу 2700 мм. Күжүрмөн туунун учтугунун төмөнкү негизине боо учтарынын узундугунун үчтөн экиге катышында бекитилет.
3. Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу айнек шкафта сабында жайылган түрүндө же түрүлүп гербдүү мом мөөрү менен мөөрлөнгөн капка салынган түрүндө Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын имаратында сакталат.
Күжүрмөн туу салтанаттуу жана расмий иш-чараларды өткөрүүдө алып чыгылат.
4. Коргоо министрлигинин символика белгиси канаттары жайылган шумкарды элестетет. Шумкардын төшүндө ылдыйды карай созулган калкан жайгашкан. Калкандын четтери эки катар кыюу менен жээктелген. Калкандын борборунда Кыргыз Республикасынын символикасынын элементи – кырк нурун тегиз чачкан алтын түстүү тегерек күн диски, күн дискинин ичинде кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү жайгашкан. Шумкар оң бутунда учу жогору каратылган кылычты, сол бутунда эмен бутагын кармап турат. Коргоо министрлигинин символика белгиси сары (алтын) түстө аткарылган. Айрым учурларда Коргоо министрлигинин символика белгиси түстүү сүрөттөлүштө жана лавр гүлчамбарларынын курчоосунда аткарылышы мүмкүн.
5. Коргоо министрлигинин символика белгисинин сүрөтү Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймактарын жана имараттарын жасалгалоодо Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин тууларына, ички пайдалануу үчүн мөөрлөрүндө жана штамптарында, документтердин бланктарында, расмий басылмаларында, сыйлыктарында жана сувенирлеринде, аскердик техникада жана аскер кызматчыларынын кийим-кече элементтеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коргоо министринин чечими боюнча башка учурларда жайгаштырылышы мүмкүн.
6. Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес. Алардын бурмаланышына, бузулушуна жана ушул мүнөздөгү башка аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.