Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-марты №41
“ Жалал-Абад шаарында өтүүчү чемпионатка барып келүүгө каражат карап берүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылындагы спорт залдын жетекчиси Ж.Ташболотовдун Жалал-Абад шаарында кыздар арасында өтүүчү волейбол боюнча чемпионаткар барып келүүгө каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында кыздар арасында өтүүчү волейбол боюнча чемпионатка барып келүүгө 25 000 (жыйырма беш мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|