Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-марты №42
Чаткал райондук аялдар кенешине каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө
Чаткал райондук аялдар кенешинин төрайымы Г.Акылбекованын Кыргызстан аялдар кенешинин 100 жылдыгы 2025-жылдын апрель айында Бишкекте жана областтык аялдар кенешинин форуму Жалал-Абад шаарында өтүүсү пландаштырылгандыктан, каржылык жактан жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан аялдар кенешинин 100 жылдыгы 2025-жылдын апрель айында Бишкекте жана областтык аялдар кенешинин форуму Жалал-Абад шаарында өтүүсү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу каржылык жактан жардам көрсөтүү максатында 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|