Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 104-VIII
"2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 25-декабрындагы чыг. № 15-13884) "2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| К.Ханджеза |