Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 112-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:
Акимбаева Гульнара Орозбековна;
Ашымбаева Токтобүбү Абасовна;
Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна;
Жунушбаева Рахат Мырзабековна;
Кожокулова Гуля Акматкуловна;
Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович;
Чотонов Медер Осконбекович.
2. Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабы Парламенттер аралык комиссиянын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| К.Ханджеза |