КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 110-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралы менен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана парламенттик деңгээлде туруктуу саясий диалог жүргүзүүгө өз ара кызыкдар экендигин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Тентишев Бакыт Эркинович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши депутаты.
2. Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабы Парламенттер аралык комиссиянын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| К.Ханджеза |